Биз социалдык тармакта

Аба ырайы: Айрым аймактарда жамгыр жаайт 

Эртең, 3-августта өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22...+27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +31…+33 градуска чыгат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан