Социалдык тармактарда унаасын чимирилте айдаган айдоочунун видеосу тарап жатат. Андагы маалыматка караганда, ал Бишкектеги Түштүк магистралда тартылган.
Видеодон BMW унаасынын айдоочусу жолдо бурулуп жатып, унаасын чимирилте айдаганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, автоээнбаштык үчүн 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.