Сейсмология институту билдиргендей, Кыргызстандын аймагында 3-августка караган түнү саат 01:21де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Ага ылайык, жер силкинүүнүн очогу Кырк-Казык айылынан 10 чакырым түндүк-батышта, Токтогул шаарынан 38 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Кырк-Казык айылында 3 балл, Ак-Тектир, Чоң-Арык, Чолпон-Ата, Алмалуу, Кушчу-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.