Биз социалдык тармакта

"Кебетең жаккан жок..." Бишкекте жүргүнчүгө копол мамиле кылган таксист аныкталды

Бишкек шаарында жүргүнчүгө копол мамиле жасаган такси айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга О.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда такси айдоочусу анын дарегине карата сөгүнүү сөздөрүн айткандыгына байланыштуу чара көрүүнү суранган.

Бул факт Ленин РИИБине каттоого алынган. Милиция бөлүмүнө 39 жаштагы А.Г. аттуу жаран жеткирилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлдү.

"Биримдикте жашап, бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле кылалы. Коомдук тартипти жана адеп-ахлактык нормаларды сактоо ар бирибиздин милдетибиз", - деп эскертти милиция.

03.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан