Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-август күндөрү Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жакта өкмөт башчы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышат.
Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт.
Ошондой эле Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.