Биз социалдык тармакта

Трамп Стив Уиткоффтун ушул жумада Орусияга бара турганын тастыктады

АКШнын президенти Дональд Трамп анын атайын өкүлү Стив Уиткофф шаршемби же бейшемби күнү Орусияга барышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Журналисттер менен сүйлөшүү учурунда ал Москва жума күнгө чейин Украинада ок атышууну токтотууга макул болбосо, санкциялар киргизилерин дагы бир жолу эскертти.

"Санкциялар болот, алар санкциялардан кутулууну жакшы билишет, ошондуктан эмне болорун көрөбүз"'- деди Трамп.

Уиткоффтун Москвага болчу сапары жөнүндө Трамп биринчи жолу өткөн аптадагы массалык ракеталык чабуулдан кийин айткан. Ал кезде Трамп Орусиянын Киевге жасаган чабуулдарын "жийиркеничтүү" деп атап, анын атайын өкүлү Жакынкы Чыгышка болгон сапарынан кийин Орусияга бара турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан