Биз социалдык тармакта

Гаитиде куралчан адамдар балдар үйүнөн майып балдарды уурдап кетишти

Гаити өлкөсүнүн борбордук Кенскоф коммунасында куралчан кылмышкерлер мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иштеген «"Nos Petits Frères et Sœurs" аттуу балдар үйүнө кол салышты. Бул тууралуу жергиликтүү RTVF жана Fierté FM радиолору кабарлашты.

Окуя Тет Буапен аймагында болгон. Кылмышкерлер балдар үйүнүн дубалын талкалап киришкен. Натыйжада бир нече адам, анын ичинде мекеменин директору жана ирландиялык гуманитардык кызматкер да уурдалган.

Маалыматтарга караганда, бул кол салуунун артында Гаити жергиликтүү кылмышкерлер бирикмеси турат. Кылмышкерлердин негизги максаты балдарды уурдоо болгон.

Азырынча Гаитинин укук коргоо органдарынан жана бийликтен расмий комментарий бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан