Айыл чарба министрлиги Азербайжандын спутниктик оператору Azercosmos менен биргеликте агрардык тармакта Жерди дистанциондук зонддоо боюнча долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пилоттук этап 2024-жылы Сокулук районунда, 2023-жылдагы спутниктен алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү.
Максаты — айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалын жана өсүшүн алыстан мониторинг кылуу системасын киргизүү.
Пилоттук этаптын жыйынтыгы менен 2025-жылдан тартып долбоорду республика боюнча кеңейтүү чечими кабыл алынды. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыктар:
Спутниктик мониторингдин негизги артыкчылыктары:
Кийинки этап - долбоордун географиясын кеңейтүү жана 2025–2026-жылдары республика боюнча толук жайылтуу. Министрлик айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында инновациялык чечимдерди илгерилетүүнү улантат.