Биз социалдык тармакта

Вьетнамда ири өлчөмдөгү контрабанда үчүн издөөдө жүргөн адам кармалды

31-июль күнү Вьетнамда Германияга 670 килограмм салмактагы “героин” баңгизатынын аткезчилигин уюштурууга айыпталган эл аралык издөөдө жүргөн О.У. Д. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, шектүүнү кармоо үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Вьетнамдын укук коргоо органдары жана Интерполдун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү тарабынан эл аралык операция жүргүзүлгөн.
Кылмыш иши 2019-жылы Германиянын полициясы чыгыш таттууларынын таңгактары катары кылдаттык менен жашырылган героиндин ири партиясын кармаганда башталган. Бишкектеги “Элит Шоко” фирмасынын жүгү делип, Германиянын аймагына “түрк таттуулары” катары келген. Тергөөнүн жүрүшүндө О.У.Д. чет өлкөлүк жаран Х.П. жана башка шериктери менен бирге эл аралык кылмыштуу топтун курамында иш алып баргандыгы аныкталган. Кылмышкерлер ооган героининин ири партиясын сатып алып, халва пакеттерине катып, жасалма документтер менен чек арадан өткөрүшкөн.
Азыркы учурда ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте кармалган адамды мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан