
Министрлер кабинетинин төрагасы
Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси
Дайыр Орунбеков билдирди.
Маалым болгондой, Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.
Касымалиевдин айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш.
"Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек",- деп билдирген Адылбек Касымалиев. Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.