Бишкек шаарында 5-августта жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жылы Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин оңдолууда.
Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.