"От" киносу эл аралык сыйлыктын ээси болду

Канаданын Монреаль шаарында өткөн эл аралык фестивалда Кыргызстандын "От" аттуу киносу байгелүү орунду алды. Бул тууралуу тасманын режиссёру Радик Эшимов билдирди.

Ал белгилегендей тасма "Special Jury Mention" наамын алды.

Эшимов бардык командага жана Канадага барууга көмөктөшкөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

"От" - 2024-жылы жарык көргөн психологиялык триллер. Ал социалдык драма, зомбулук, эмоцияларды талдоо жана үй-бүлөдөгү трагедияларды камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан