“Мынча дүнүйө кайдан сизде? Караңызчы, 4-5 машина турат”,- деди калаа мэри.
Токторбаев каналдын жээгине чейин курулуш жүргүзгөндүгү үчүн үй ээсине эскертүү берип, суунун боюн бошотуп коюуну тапшырды.
“Эмнеге муну бузбай жатасыз, өткөндө эле айтылды эле. Сиздики бул жагы Анталия го. Тосмону алыңыз”,- деп билдирди мэр.
Ошондой эле рейд учурунда мэр Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн баштап, Увам каналынын корук аймактарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча мурда берилген тапшырмаларынын аткарылышын жеринен текшерди. Увам каналын бойлой коомдук мончо, тамактануучу жайлар, дарыкана, соода түйүндөрү жана турак-жайлар жайгашкан. Бул курулуштар корук зонасы талабын бузгандыктан бошотулат. Бошотулган аймакка шаар мэринин чечими менен эс алуу багы курулат.