Ырчы Кызсайкал Кабылова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кош бойлуу экенин жарыялады.
"Болушунча жашырып, жаап жүргөн жаңылыгым ушул болчу. Биздин кичинекей үй-бүлөбүз жылдан жылга чоңоюп жатат, Аллахыма шүгүр!
Ким кош бойлуу болсо, аман -эсен көз жарып алалы",- деди ырчы айым.
Эске салсак, Кабылова жолдошу менен 2022-жылы баш кошкон. Учурда алардын бир кыз, бир уулу бар.