Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө түнкү клубдарда баңгизаттарга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Кечээ, 3-августка караган түнү Ысык-Көл районунун аймагындагы түнкү клубдарда баңгизаттарга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара облустук милиция менен Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Текшерүү иштери эс алуу жайларында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу, жаштар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо негизги максатында өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:

  • Бостери айылындагы түнкү клубдардын биринде эс алуучунун ширеңке кутучасынан баңгизатка окшош зат (ЧАРС) табылып, ал далил зат катары алынган. Аталган жаран – Токмок шаарынын 1993-жылы туулган тургуну М.А. экендиги аныкталды.
  • Сары-Ой айылында дагы бир түнкү клубда жүргүзүлгөн иш-чара учурунда дагы бир эс алуучунун жанынан баңгизатка окшош зат (ЧАРС) табылып, ал Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Т.А. болуп чыккан.

Бул фактылар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн МЭЖине катталып, тиешелүү соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

04.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан