Биз социалдык тармакта

Sheraton отелиндеги чыр. Жакыпова ошол түнү мас абалында унаа башкарганы айтылууда (видео)

Жан Воинов менен байланыштуу отелде болгон жаңжалга аралашкан блогер Алина Жакыпова мас абалда унаа айдаганы үчүн айдоочулук укугунан ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Кайгуул кызматы түзгөн протоколго ылайык, 30-июнга караган түнү саат 03:46да Жакыпова BMW X4 унаасын айдап Sheraton отелинин аймагынан чыккан. Бул учурда ал алкоголдук ичимдик ичкен абалда болгон.

Анын унаасын кайгуул кызматы Киев көчөсүндө токтотуп, Жакыпова мас абалда экени тастыкталган.

Сотто Жакыпова сыра ичкенин моюнуна алып, жазаны жеңилдетүүнү сураган. Бирок чечимдин негизинде айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды.

Алина Жакыпова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан