
Бүгүн, 5-августта көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +27...+32, Таласта 25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын аймагында +21...+26 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +29...+31 градуска жетсе, Ош шаарында +31...+33 градус ысыйт.