Xueba 01 (кытай тилинде "мыкты окуучу" дегенди билдирет) Шанхай университети тарабынан жасалган. Бул андроид силикон териден жасалган жүзгө ээ жана мимика аркылуу өз оюн билдире алат. Анын бою — 175 сантиметр, салмагы 30 килограммды түзөт.
Робот адамдар менен толук кандуу баарлаша алат. Анын мурунку версиясы быйыл апрелде Бээжинде өткөн гуманоид-роботтор арасындагы алгачкы жарым марафондо үчүнчү орунду алган.
Xueba драма жана кино жаатындагы окуу программасына кабыл алынды, өзгөчө кытай операсына басым жасалат. Ал театр сабактарына катышат, репетицияларга жана спектаклдерге катышып, диссертация да жазмакчы. Робот учурда Шанхай окуу жайына тапшырганы жана студенттик билет алганы да айтылды.