Биз социалдык тармакта

Бишкекте 5 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү (тизме)

Бүгүндөн баштап Бишкек шаарында 5 автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, №101, №61, №100 – "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына тиешелүү жана №10, №11 – "Эко жүргүнчүлөрдү ташуучу" ЖЧКсы тарабынан тейленүүчү каттамдар өзгөртүлөт.

Өзгөртүүлөр Ахунбаев көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан оңдоо жана реабилитация иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Ал эми 2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектине чейинки бөлүгү оңдолгон.

"Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, маршруттарыңызды алдын-ала пландоону жана мүмкүн болушунча жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууңуздарды өтүнөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан