АКШ президенти Дональд Трамптын коркутууларынан кийин индиялык рупийдин курсу түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Forex'теги биржадан тышкаркы рынокто АКШ долларынын индиялык валютага карата курсу 0,48 пайызга жогорулап, 1 доллар 88,102 рупийге жетти. Бул - рупийдин тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчү.
АКШ президенти Дональд Трамп 1-августтан тарта Индиядан келген товарларга 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизерин айткан. Ал мындай чечимди Индиянын Орусиядан мунай жана башка энергия булактарын сатып алуусун негиз кылып түшүндүргөн. Буга чейин да Трамп Индияга карата бажы төлөмдөрүн олуттуу жогорулатуу коркунучун билдирген. Индия бул дооматтарды негизсиз деп эсептейт.