Ички иштер министрлиги интернетте милиция кызматкерлери, анын ичинде ИИМдин жетекчилери кайрылуу жасап жаткан жалган видеолор тарап жатканын билдирди. Бул видеолор жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен даярдалган жана чыныгы кайрылууга эч кандай тиешеси жок.
"Жарандарды сак болууга жана интернетте тараган маалыматтарды тууралыгын текшерүү менен кабыл алууга чакырабыз. Эгерде маалыматка күмөн саноолор пайда болсо, ИИМдин расмий булактарына кайрылыңыздар",- деп айтылат маалыматта.
Жалган контентти таратуу фактысы боюнча текшерүү башталды. Жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет.