
Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусуна кол салган эки аялдын бири кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин 2-августта автобустун айдоочусуна тоскоолдук жараткан аялдардын видеосу
тарады.
Бул факт Ленин райондук милициясында катталып, материалдар коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүлүп берилген.
Текшерүү учурунда эки аялдын өздүктөрү такталды. Алардын бири — 1965-жылы туулган К.С. аттуу жаран экендиги аныкталып, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.
Экинчи катышуучу — 1991-жылы туулган К.Т. аттуу жаран боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт. Азыркы учурда ал Бишкек шаарынан сыртта болгондуктан, зарыл болгон процессуалдык аракеттер ал кайтып келгенден кийин жүргүзүлөт.