Улуу Британиянын өкмөтү өлкөгө кайыктар аркылуу келген мигранттарды кармоо пландары тууралуу жарыялады. Бул Улуу Британия кээ бир башпаанек издегендерди кабыл алып, башкаларын кайра Францияга жөнөтүүгө макулдашылган жаңы келишимдин алкагында ишке ашат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.
Келишим Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун ортосунда түзүлгөн.
Бул чечим мыйзамсыз чек ара кесүүлөрдүн рекорддук деңгээлге жетиши жана саясий басымдын күчөшү фонунда кабыл алынды.