Бишкек шаарында кечээ болжол менен саат 19:45те жер титирөө сезилди. Жер титирөөнүн силкинүүлөрү шаардын бардык райондорунда сезилди.
Кыргызстандын Сейсмология институту учурда жердин силкинүүсү боюнча маалымат бере элек.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 5,1 магнитудага жеткен. Анын очогу Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын аймакта, болжол менен 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.