Биз социалдык тармакта

Кең-Сай сугат суу станциясы сентябрдын аягына чейин ишке берилет

Кең-Сай сугат суу станциясы сентябрь айынын аягына чейин ишке берилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
20 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Жапалак айылындагы суу насостук станциясы Кең-Сайды сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кең-Сай массивин толук өздөштүрүү максатында тиешелүү адистер менен бирге суу станциясын иштетүү боюнча жеринде техникалык көчмө жыйын өткөрдү.
Мында станцияны толук оңдоп-түзөп сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлду.
Кең-Сай массивинен Ош шаарынын үч миңден ашуун тургунуна 800 гектар жер мындан 15 жыл мурун бөлүнүп берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан