Биз социалдык тармакта

Трамп: "Энергия булактарынын баасын төмөндөтүү Путинди согушту токтотууга мажбур кылат"

АКШ президенти Дональд Трамп энергия булактарынын баасын төмөндөтүү Путинди согушту токтотууга мажбурлай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп CNBC телеканалына берген маегинде билдирген.

“Эгерде энергия булактарынын баасы жетишерлик деңгээлде арзандаса, Путин согушту токтотот. Эгерде мунайдын баасы дагы 10 долларга түшүп кетсе, анда анын башка тандоосу болбойт. Анткени анын экономикасы азыр абдан оор абалда”,- деген Трамп.

Жума күнү Трамптын Владимир Путинге койгон Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча ультиматумунун мөөнөтү аяктайт. Эгерде Орусия талапты аткарбаса, АКШ президенти өлкөгө каршы жаңы санкцияларды киргизерин жана Орусия менен кызматташкан мамлекеттер үчүн 100 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизерин убада кылган.

Трамптын айтымында, ал алдыдагы 24 сааттын ичинде Индиядан товар импорттоого болгон бажы салыгын учурдагы 25 пайыздан кыйла жогорулатат, анткени Индия Орусиянын мунайын сатып алууну улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан