Биз социалдык тармакта

 Сибирь эл аралык марафонунда 65 жаштагы жөө күлүк каза болду 

Орусияда Омскиде өткөн Сибирь эл аралык марафонунда 65 жаштагы жөө күлүк каза болгонун Орусия ИИМинин облустук башкы башкармалыгы билдирди.

Белгиленгендей, ал киши марафон учурунда жүрөгү кармап калган. Күтүлбөгөн жерден ооруп, ошол жерден каза болгон.

Марафондун катышуучусу 10 чакырым аралыкты чуркап өткөн.

Эл аралык Сибирь марафону 2-августта өтүп, ага Орусиянын 50 аймагынан жана тогуз чет өлкөдөн дээрлик жети миңдей адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан