Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан аял 27 жылдан бери көрө элек апасы менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Аталган жолугушуу №2 мекеменин тарбиялык бөлүмү тарабынан ишке ашты. Анда 27 жылдан бери көрүшпөгөн эне менен кыздын жолугушуусу уюштурулуп, алардын үй-бүлөлүк байланышын калыбына келтирүүгө шарт түзүлдү.
"Апам 9 жашымда Казакстанга иштегенге кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп кеткен. Таба албай калганбыз. Бир тууган эжелери барып, издеп "каза болуп калды" деген маалымат алып келишкен.
27 жыл энемдин мээримине зар болуп жашадым. Аны эч нерсе менен толтурууга болбойт",- дейт жаза мөөнөтүн өтөп жаткан келин.