Кытайдын Гуандун провинциясында чиркей аркылуу жугуучу чикунгунья вирусу күч алып, акыркы апталарда 7 миңден ашуун учур катталды. Оорулардын эң көбү Фошань шаарында топтолгон.
Жергиликтүү бийлик вирус жуктургандарды ооруканага жаткырып, карантинге алып, тест жүргүзүүдө. Ошондой эле чиркейлер көбөйө турган суу жайларын текшерип, парк жана көчөлөргө чиркейге каршы дарылар чачылууда.
Андан сырткары, чиркей жеген балыктар жаратылышка коё берилүүдө.
Чикунгунья - чиркейлер аркылуу жугуучу вирус. Ушул эле чиркейлер Зика жана Денге илдеттерин да таратат.
Адатта вирус организмге жуккандан кийин 4-8 күн ичинде белгилери билинүүдө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, чикунгуньянын белгилери төмөнкүлөр:
Бул белгилер бир нече күнгө гана созулганы менен муун оорулары апталап, айлап созулушу мүмкүн. Айрыкча карылар, ымыркайлар жана өнөкөт оорусу барлар ооруну оор абалда өткөрүшөт.