Ош облусундагы “Араван - Ак-Буура” каналын реконструкциялоо иштери башталууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мындай аракет суу чарба тармагындагы инфратүзүмдү жакшыртуу максатында жасалат.
"Араван - Ак-Буура" каналы аймактагы ири райондор аралык сугат каналдардын бири болуп саналат. 1968-жылы курулган каналдын узундугу 31 чакырымдан ашат, ал эми суу өткөрүмдүүлүгү секундуна 25 метр кубду түзөт. Бул канал аркылуу Ош шаарынын Жапалак жана Төлөйкөн айыл аймактарынын, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын жана башка чарбалардын айыл чарба жерлери сугат суу менен камсыздалат. Жалпы сугат аянты 16 миң гектардан ашат.