Биз социалдык тармакта

Жарандын боорунан балыктын кылканы табылды

Орусияда Кубанда жарандын боорунан балыктын кылканы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бейтап кокустан балыктын кылканын жутуп алып, үч жума абалынын начардыгына көңүл бурбай, өзүн-өзү дарылагандан кийин хирургиялык бөлүмгө түшкөн. Ал ден соолугу начарлап, кыйналгандан кийин жардамга кайрылган.

Дарыгерлер диагностика учурунда балыктын кылканы ичегилерди тешип, боор тканына сайылып калганын аныкташкан. Дароо операция жасоо чечими кабыл алынып, операция ийгиликтүү өткөн.

Операциядан үч күндөн кийин бейтап амбулатордук негизде дарылоону улантуу үчүн чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан