
Агартуу министрлиги балдарын 1-2-класска окутуп жаткан ата-энелерге кайрылды.
Анда баланы 1 же 2-класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алынгандан кийин бир айдын ичинде (4-августтан 5-сентябрга чейин) тиешелүү документтерди мектептерге тапшыруу зарылдыгы айтылат.
Ал үчүн төмөнкү документтер керек:
– баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын (белгиленген формада);
– бала алган эмдөөлөр жөнүндөгү медициналык маалымкаттын түп нускасын (белгиленген формада);
– баланын 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү сүрөтү.