Биз социалдык тармакта

Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент окуудан чыгарылды

Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) 2170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен мамлекеттик университетинен жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды.
Тактап айтканда:
• Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
• Кызыл-Кыя "М.М.Тайиров" атындагы гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
• Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
• "А.А.Машрабов" атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
• БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
• БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжи – 14.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан