Биз социалдык тармакта

Раззаков шаарындагы муниципиалдык мал базар пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан муниципалдык мал базар толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мал базар Раззаков шаарынын Топ-Терек участогунда жайгашкан.

Учурда долбоордун 1 жана 2-этабына 25 988 507 сом каражат жумшалган. Мал базардын кубаттуулугу төмөнкүчө:

  • 1000 баш бодо мал
  • 100 баш жылкы
  • 5000 баш майда жандык

Бүгүнкү күндө мал базар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жумасына 70 000 – 150 000 сом киреше алып келүүдө. Ошондой эле алдыда 2025-жылдын ичинде ички бөлүгүнө асфальт төшөө жана оорукчан малдар үчүн атайын изолятор куруу каралган.

Мал базардын ишке кириши менен Раззаков шаарынын калкы үчүн ветеринардык, соода-сатык жана санитардык шарттары жакшыртылып, айыл чарба тармагында кошумча киреше булагы түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан