Индонезиянын Ява аралынын чыгыш тарабында жайгашкан Семеру жанар тоосу 2 жолу атылды. Бул тууралуу Antara News агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:24тө Семеру тоосу биринчи жолу атылып, жанар тоонун күлү 600 метр бийиктикке көтөрүлүп, түндүк-чыгыш тарапты көздөй тараган.
Биринчи жарылуудан кийин, саат 10:08де дагы бир ирет жарылуу болгон. Экинчи ирет жарылууда да күл 600 метр бийиктикке жеткени маалымдалды.
Белгилей кетсек, Индонезия - жер титирөө жана жанар тоо активдүүлүгү жогорку болгон "Тынч океан от чөйрөсү" деп аталган аймакта жайгашкан. Бул өлкөдө 130га жакын активдүү жанар тоо бар.