Биз социалдык тармакта

Оштогу Кең-Сай суугат суу станциясы сентябрь айынын аягына чейин ишке берилет

Кең-Сай суугат суу станциясы сентябрь айынын аягына чейин ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Жапалак айылындагы суу насостук станциясы Кең-Сайды суугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кең-Сай массивин толук өздөштүрүү максатында тиешелүү адистер менен бирге суу станциясын иштетүү боюнча жеринде техникалык көчмө жыйын өткөрдү. Мында станцияны толук оңдоп түзөп сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлду.
Белиглей кетсек, Кең-Сай массивинен Ош шаарынын үч миңден ашуун тургунуна 800 гектар жер мындан 15 жыл мурун бөлүнүп берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан