Биз социалдык тармакта

Талас облусунун аймагында аткезчилик жол менен киргизилген жүк аныкталды (фото)

УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден Кыргызстанга мыйзамсыз тооктун тоңдурулган этин киргизүүгө аракет жасаган факт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта аталган мекемеден билдиришти.

Маалм болгондой, 2025-жылдын 3-августунда Талас облусунун “Чоң-Капка-автожол” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда 1985-жылы туулган Б.М.М. аттуу жаран кармалган. Анын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын тинтүү учурунда өлкөгө мыйзамсыз алынып кирип келе жаткан, болжолдуу баасы 2 миллион 470 миң сомду түзгөн 6 тонна тооктун тоңдурулган эти жана башка фабрикаттар табылган.

Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана аткезчилик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоого багыттылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан