Бүгүн, 6-августта Бишкектеги "Учкун" мамлекеттик ишканасынын имаратында эркек киши өзүнө кол салып, атып алгандыгы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Каргашалуу окуя Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Учкун" имаратынын кызматтык бөлмөлөрүнүн биринде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон жаран IT-адис болуп иштеген.
Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.