Биз социалдык тармакта

Борбордогу Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү бир айга жабылат

Бишкек шаарында 7-августтан 5-сентябрга чейин Лев Толстой көчөсүнүн Матыева көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, бул чара Лев Толстой көчөсүнүн Матыевадан Фрунзеге чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоонун алкагында көрүлүүдө.

Мэрия жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат. Бул чара жол тыгындарын болтурбоо максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан