Канададагы Манитоба провинциясында чыккан токой өртүнөн улам 15 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу The Globe and Mail басылмасы 6-августта кабарлады.
"Манитобанын түндүк бөлүгүндө 15 миң адамга эвакуация боюнча буйрук берилди. Ал эми Ньюфаундленд жана Лабрадор аймагындагы Авалон жарым аралында чыккан өрттөрдөн улам 600дөй адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Канада боюнча 760тан ашуун токой өрткө чалдыккан, алардын ичинен 205 өрт көзөмөлдөн чыгып кеткен. Жыл башынан бери күйгөн аймактардын жалпы аянты 6,8 миллион гектарга жетти.