Орусиянын Москва шаарында аял жаңы төрөлгөн кызын жатаканада сууга чөктүрүп салган. Окуя Дорохов көчөсүндө жайгашкан жатаканада болгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
"Жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деп белгиленет маалыматта.
Маалыматка ылайык, наристени энеси сууга чөктүрүп, ага аба жетпей каза болду. Баланын жансыз денеси жатакананын дааратканасынан табылган.
Тергөө комитети кошумчалагандай, энеси сурак учурунда күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.