Бүгүн, 7-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31 ... +36, Талас жергесинде +26... +31, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +32... +37, Ысык-Көлдө +24 ... +29, Нарында +24... +30 градуска көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы+32... +34 градуска жетет.