Биз социалдык тармакта

Жаңы гимнге сынак: Марат Иманкулов композиторлор жана обончулар менен жолугушту

Кечээ, 6-августта мамлекеттик катчы, гимндин жаңы редакциясын тандоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Марат Иманкулов композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Анда 1-этаптын жыйынтыгы менен тандалып алынган гимдин жаңы редакциядагы текстинин 5 мыкты долбооруна музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыялангандыгы тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле бул сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, ошондой эле музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар жана башка уюмдар – курамы 5 адамдан ашпаган топтор катыша алаары белгиленди.
Катышуучулар суроолорун узатып, сынактын 2-этабына коюлган талаптар жана уюштурууга тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:
  • Музыкалык чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш-алып жүрүүчүдө);
  • Гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;
  • Гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө;
  • Ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.
Эске сала кетсек, сынактын 2-этабына катышуу үчүн жарандар долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 8-сентябрга чейин gimn.2025@minculture.gov.kg жөнөтүшү керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан