Индияда дарыгерлердин катачылыгынан улам төрөт учурунда нарсите колунан ажырап калды. Бул тууралуу The Times of India басылмасы жазып чыкты.
Окуя Харьяна штатынын Мандихера шаарындагы медициналык мекемеде болгон.
Төрөт маалында жаңы төрөлгөн ымыркайдын колу денеден толугу менен бөлүнгөн. Ымыркай аман калып, коңшу шаардагы башка медициналык мекемеге которулган.
Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, жыйынтыгында ооруканада бекитилген медициналык протоколдор сакталбаганы аныкталган.