Биз социалдык тармакта

Аквапаркта ойноп жүргөн 7 жаштагы баланын боору жабыркап, реанимацияга түштү

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында аквапаркта ойноп жүргөн жети жаштагы баланын боору жабыркап, реанимацияга түшкөн. Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя бала тайгак аттракциондон түшүп баратканда болгон. Анын артынан аял катуу сыйгаланып келип ичине сүзүлгөн. Баланы атасы дароо алып кеткен.

Учурда бала реанимация бөлүмүндө жатат.

Калинин районунун тергөө бөлүмү окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан