“Нарын жаш лидерлери” коомдук бирикмеси “Адилеттүү башкарууну жогорулатуу” долбоорунун негизинде “Нарын шаарынын таштандыларын чыгаруу боюнча маршруттук картаны түзүү” долбоорун иштеп чыккан. Мунун негизинде “Таза Нарын” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында Нарын шаарынын таштандыларын чыгаруу боюнча маршруттук картаны түзүшкөн. Жыйынтыгында Нарын шаарындагы 144 таштанды төгүлүүчү точкалар 6 маршрутка бөлүнгөн. Мындай ыкманын негизинде таштанды чыгаруунун тартиби жана тазалоо багыты жылдан жылга жакшырып, маселе оңой жагына чечиле баштады. “Бөлүштүрүү кудугун ремонттон өткөрүү” долбоору “Нарын жаш лидерлери” коомдук бирикмесинин экинчи долбоору. Долбоордун максаты - Нарын шаарындагы 64 аймактын Ленин көчөсүндөгү №2-үйүнүн 2 канализациялык бөлүштүрүү кудугун толук реконструкциядан өткөрүү болгон. Жыйынтыгында абалы начар 4 канализациялык бөлүштүрүү кудугу толук реконструкциядан өткөрүлдү. Аталган райондун санитардык абалы оңолду.