
Өлкө аймактарында 8-августта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.
Ага ылайык, күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бул күнү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунушталат.
"Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө "112" кызматына билдирсеңиз болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат",- деп билдирди ӨКМ.