Казакстан Актау аймагында кулаган Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын учагы боюнча акыркы отчётту бир нече ай ичинде даярдайт. Бул тууралуу Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Канат Бозумбаев билдирди.
"Анализ баскычы аяктап, эми акыркы отчётту даярдоо баскычына өтүп жатабыз. Сабырдуулук менен күтүшүбүз керек",- деди ал.
Буга чейин Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гаджиев Баку Москвадан Актау шаарынын аймагында болгон AZAL учагынын кулашына жоопкерчиликти мойнуна алууну күтүп жатканын билдирген.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозныйга бет алган AZAL авиакомпаниясынын Embraer E190 учагы Казакстандын Актау шаарында кыйраган. Бул окуя украиналык дрондор Кавказ аймагын аткылап жаткан учурда учактын Каспий деңизи аркылуу Казакстанга багытын өзгөрткөн мезгилде болгон. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.