Бишкек шаарындагы Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 7-августан 5-сентябрга чейин унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тагыраагы, аталган жолдун Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Белгилей кетсек, аталган тилкеде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.