Түштүк кореялык белгилүү Мин Кён Ха аттуу бьюти-блогер достору менен Кыргызстанга келип, өлкөнүн табиятына таң калып жаткан видеосу көптөгөн көрүүлөрдү чогултту.
Блогер кыз досторун Ысык-Көлгө жана жайлоолорго алып барып, ар биринин жаратылышка болгон реакциясын тартып алган. Комментарийлерде "Кыргызстанга кош келипсиздер!", "Сиздерге жакканына кубанычтабыз", "кореялыктар биздин жаратылышка суктанышат, биздикилер болсо аларды туурап, аларга окшошкусу келе беришет. Өлкөдөн өтөрү жок негизи" деп жазышууда.
Эске салсак, Мин Кён Ха буга чейин бир нече жолу Кыргызстанга келген.